Балдардагы аллергия

Мурундун бүтүшү, көздөн жаш агызышы, кычышуусу жана башка аллергиялык реакциялар чоңдордо гана эмес, балдарда да кездешет. Биздин тукумубуз эч кандай жашта аллергиядан корголбойт, өзгөчө ата-энелер да ар кандай аллергенге сезгич болсо. Кээде бала чоңойгон сайын аллергия өзүнөн өзү жоголот, кээде өмүр бою аны менен жашоого туура келет. Аллергия – бул иммундук системанын ал үчүн жагымсыз […]

Мурундун бүтүшү, көздөн жаш агызышы, кычышуусу жана башка аллергиялык реакциялар чоңдордо гана эмес, балдарда да кездешет. Биздин тукумубуз эч кандай жашта аллергиядан корголбойт, өзгөчө ата-энелер да ар кандай аллергенге сезгич болсо. Кээде бала чоңойгон сайын аллергия өзүнөн өзү жоголот, кээде өмүр бою аны менен жашоого туура келет.

Аллергия – бул иммундук системанын ал үчүн жагымсыз болгон кандайдыр бир дүүлүктүрүүчүгө реакциясы (мисалы, кенелер, жаныбарлардын жүндөрү, чаңчалар). Натыйжада, аллергиялык сезгенүү реакциясын жана аллергиялык ринит, атопиялык дерматит, бөрү жатыш сыяктуу ооруларды пайда кылган түрдүү заттар пайда болот. Аллергия жугуштуу эмес, баладан балага өтпөйт. Кээде аллергиялык реакция пайда болгонго чейин бир нече саат же күн өтөт, андыктан сиз чаташып, бир нече саат мурун ичкен сүтүңүз же тизеңизде отурган мышык күнөөлүү экенин дароо элестете албайсыз.

Ата-энелерди аллергия жөнүндө ойлондурган эң кеңири таралган белгилер:

  • кусуу, тамактан баш тартуу, ичеги-карын коликине окшош көрүнүштөр, ич өтүү, жай салмак кошуу;
  • мурундун бүтүшү, чүчкүрүү, кышылдоо же жөтөлүү, бронхиттин кайталануучу эпизоддору, узакка созулган жана туруктуу жөтөл;
  • териде – исиркектер (дерматит, бөрү жатыш);
  • кыжырдануу, уйкунун начрлашы, тез-тез ыйлоо, баш оору.

Балдардын аллергиясынын негизги себептери тамак-аш азыктары (сүт жана сүт азыктары, жумуртка, жержаңгак майы, апельсин, шоколад, соя, помидор, балык жана буудай) жана ингаляциялык аллергендер (кенелер, чаңчалар, жаныбарлардын жүндөрү жана көгөргөн заттар). Кээде тамак-аш боегу жана консерванттары бар тамактарды жегенден кийин аллергиялык реакция пайда болушу мүмкүн – таттуулар, соустар, балмуздак, печенье себеп болушу мүмкүн. Сүт азыктарына, өзгөчө уй сүтүнө болгон аллергиялык реакция лактозаны көтөрө албастыктын симптомдорунан эч айырмаланбайт, андыктан туура диагноз коюу үчүн дарыгерге кайрылуу зарыл.

Булак: Murtagh’s Patient Education 6 Edition