Бөрү жатыш деген эмне жана ал жөнүндө эмне билүү керек?

Баланын денесиндеги кызгылт, бүдүр тактар… Башымда жүздөгөн ойлор – эмнеден улам болушу мүмкүн?! Көбүнчө териде кызгылт тактардын пайда болушунун себеби – бөрү жатыш. Бөрү жатыш – кычыштырган, кызгылтым, бүдүр исиркектер. Ал дененин каалаган жеринде пайда болуп, териде көптөгөн майда тактарды же бири-бири менен байланышкан бүдүрлөрдү пайда кылышы мүмкүн. Исиркектер бир нече саатка, ал тургай, жумага […]

Баланын денесиндеги кызгылт, бүдүр тактар… Башымда жүздөгөн ойлор – эмнеден улам болушу мүмкүн?! Көбүнчө териде кызгылт тактардын пайда болушунун себеби – бөрү жатыш.

Бөрү жатыш – кычыштырган, кызгылтым, бүдүр исиркектер. Ал дененин каалаган жеринде пайда болуп, териде көптөгөн майда тактарды же бири-бири менен байланышкан бүдүрлөрдү пайда кылышы мүмкүн. Исиркектер бир нече саатка, ал тургай, жумага чейин сакталып калышы мүмкүн, жаңы исиркектер бара-бара жок болгондорду алмаштырат. Ошондуктан бөрү жатыш курч жана өнөкөт болуп бөлүнөт. Курч бөрү жатыш алты жумадан ашпайт, ал эми өнөкөт уртикария алты жумадан ашык сакталат. Бөрү жатыш аллергиялык реакциядан гана эмес, катуу сууктан же ысыктан, дары-дармектерден, стресстен, инфекциядан же өнөкөт оорудан улам келип чыгышы мүмкүн экендигин билүү маанилүү. Бөрү жатыш ангиодема менен коштолгон учурлар -көздүн жана эриндин тегерегиндеги шишик, ошондой эле алакан, бут, дем алуу жолдорунун шишиши байкалат.

Көпчүлүк учурларда, бөрү жатыштын себеби белгисиз бойдон калууда, бирок көбүнчө тамак-ашка, дары-дармектерге, үй жаныбарларына, чаңчага, курт-кумурскалардын чагуусуна аллергиялык реакция менен байланыштуу.

Таблицада баланы бөрү жатышка алып келиши мүмкүн болгон башка себептер келтирилген.

Дары-дармектер жана химиялык заттар – Салицилаттар жана НПВП*, пенициллин, витаминдер, азыктык кошумчалар

Тамак-аш азыктары – Жаңгактар, мөмө-жемиштер, балык, деңиз азыктары, банан, жүзүм, помидор, жумуртка, сыр ж. б.

Байланыш заттар – Жүн, жибек

Косметикалык каражаттар – Боек, чач лагы, тырмак боегу, оозду чайкоочу каражаттар, тиш пастасы, атыр, кол крем, самын

Физикалык факторлор – жарык, атмосфералык басым, жылуулук, суук, суу, дирилдөө

Ингаляциялык аллергендер – Жаныбарлар, чаңча

Оорулар – Тиш инфекциялары, гайморит (мурундун былжыр челинин сезгениши), отит (кулактын сезгениши)

Козу карындар жана башка мителер – Candida грибогу, котур, гельминттер

Ата-энелер балада бөрү жатыш бар экендигин кантип биле алышат? Бул бүдүрлөр мүнөздүү көрүнүшкө ээ, ошондуктан аларды таануу оңой. Кызгылт бүдүр, көтөрүлүп, борбору кубарып, топтолуп, формасын жана жайгашкан жерин тез өзгөртө алат. Өлчөмү боюнча, ал диаметри бир нече миллиметр же алаканга чейин болушу мүмкүн. Ымыркай ысык болгон жерде кычышып, тиштенип же күйүп жатканына нааразы болот.

Ангиодема теринин терең катмарларынын жана тери астындагы ткандардын тез шишип кетиши менен таанылат, ал көбүнчө ооруйт, бирок кычышпайт. Көбүнчө көздүн жана эриндин, буттун жана алакандын айланасы шишийт. Оорураак учурларда, шишик дем алуу жолдоруна таасирин тийгизиши мүмкүн, бул абал өмүргө коркунуч туудурат.

Диагноз коюу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге, аллергологго же педиатрга кайрылуу керек, алар көбүнчө бүдүрлөрдүн сырткы көрүнүшүнө таянып, бөрү жатыштын бар экендигин тастыктай алышат. Анын пайда болушунун себебин табуу үчүн дарыгер мурунку оорулар, мүмкүн болгон аллергендер, стресстин күнүмдүк булактары жөнүндө суроолорду берет. Эгерде балада өнөкөт бөрү жатыш бар болсо, анда көбүнчө күндөлүк жүргүзүү керек болот, анда күн сайын баланын бардык аракеттери жана иш-аракеттери белгиленет, тамак-аштар, исиркектердин мүнөзү жазылат.

Баладан кан анализи, атайын аллергиялык тесттер жана зарыл болгон учурда башка ооруларды жокко чыгаруу үчүн кошумча тесттер сыяктуу диагностикалык тесттерге жөнөтүлөт. Бөрү жатыштын белгилери көбүнчө өзүнөн-өзү кетет, бирок дарыгер баланын өзүн жакшы сезиши үчүн антигистаминдерди сунушташы мүмкүн. Алардын иш-аракетинин принциби аталышында жатат – организмде гистаминдин аракети бузулат, бул симптомдордун интенсивдүүлүгүн азайтат – мурундун бүтүшү, кычышуу, исиркектер, көздөн жаш агуу. Өнөкөт бөрү жатыш учурда, алар узак убакыт бою колдонулушу мүмкүн.

Аллергия менен күрөшүүгө дары-дармектер гана жардам бербесин белгилей кетүү керек.

  • Жөнөкөй себеп болбосо, баланы эң аз дегенде алгачкы 6 ай эмизүү керек. Аллергия эмчек эмизген ымыркайларда сейрек кездешет жана алдын ала болгон симптомдорду азайтуу мүмкүнчүлүгү да бар. Бирок эмчек эмизүү мүмкүн болбосо же ага каршы көрсөтмө болсо, балага берилүүчү жасалма аралашмалар кылдаттык менен тандалышы керек. Керек болсо врачка кайрылуу жакшы.
  • Мүмкүн болсо, 6 айга чейинки баланы эмчек эмизүү керек же 4 айдан баштап тамакка жеңил глютенсиз аралашма кошууга болот. Ар кандай тамактарды жегенге өтө эрте баштоо аллергияга алып келиши мүмкүн. Кошумча тамактарды баштоодо, аллергиялык реакция бар-жоктугун билүү үчүн жаңы тамактар ​​бир нече күн аралыкта жана кичинекей порцияларда берилерин унутпаңыз. Уйдун сүтү, жумуртка, цитрус жемиштери, арахис майы жашоонун алгачкы 6-12 айында баш тартуу керек болгон азыктар.
  • Кенелердин санын азайтуу үчүн үйдү үзгүлтүксүз тазалап туруу керек, аллергиясы тастыкталган учурда жаныбарларды үйдө кармоого болбойт, көгөрүү пайда болушуна жол бербөө үчүн бөлмөнү желдетип туруу керек. Күнүмдүк жашооңузда колдонгон химиялык заттардын көлөмүн азайтуу керек, ошондой эле аллерголог же үй-бүлөлүк дарыгер сунуштаган атайын каражаттарды азыраак тандаңыз.
  • Кебезден жасалган кийимдерди колдонуу жана синтетикадан оолак болуу сунушталат.
  • Тамеки тартууну токтотуу керек, айрыкча бала бөлмөдө болгондо же көчөдө жакын жерде жүргөндө.

* * НПВП – стероиддик эмес сезгенүүгө каршы дарылар.